Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кургактыктын табигый түрдө суу толуп калган чуңкур аянты. Ысык-Көл. Соң-Көл. 2. Суу толтурулган жасалма көлмө. Көлгө суу толтуруу. Көл казуу. 3. сүйл. Ысык-Көл өрөөнү. Көлдөгү кыргыздар, Көлдөн келген жолоочулар. 4. өт. Мол, өтө көп. Айран, кымыз береке, Агып жатат көл болуп (Тоголок Молдо). 5. өт. Сабырдуу, оор басырыктуу, мүнөзү абдан токтоо, жоомарт, ак көңүл адам. Көл жигит. Адамдын көлү экен.